Шавкат Мирзиëев добуш берди
Браузерингиз HTML5 ни қўллаб- қувватламайди
Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы, президенттикке талапкер Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарындагы шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добушканага жубайы жана балдары менен келди. Бүгүн болуп жаткан Өзбекстандагы кезексиз президенттик шайлоого төрт адам талапкерлигин койгон. Шавкат Мирзиёев жеңери шайлоо белгилене электе эле катуу талкуулана баштаган. Мирзиёев 2003-жылдан баштап Өзбекстандын өкмөтүн башкарып келет. Үч ай мурда Ислам Каримов көз жумгандан бери президенттин милдетин аткарууда.